«Астана Клуб»: Глобалдык диалог форматы

Глобалдык диалог - бүгүнкү күндүн коркунучтарын чечүүнүн натыйжалуу жолу.

Чечүүнү талап кылган маселелер убакыттын өтүшү менен да өзгөрүп турат. «Астана клубунун» 5-мааракелик отурумунда экономисттер менен серепчилер эки күн катары менен дүйнө өлкөлөрүнүн келечектеги өнүгүү жолдору, геосаясат, экономикалык каатчылыктар жана тобокелдиктер тууралуу пикир алмашууда.

зыркы замандагы эл аралык карым-катнаштардын башкы көйгөйү өлкөлөр ортосундагы ишеним кризисине барып такалат. Биздин телеканалга берген маектин жүрүшүндө дүйнө маселелерин изилдөө менен алектенген Стокгольм эл аралык институтунун мүдүрү Дэнс Смит ушундай пикири менен бөлүштү.

Айтымында, абалды оңдоодо диалог аянтчаларынын аткара турган ролу зор. Бул жолу Казакстандын тажрыйбасы мол дейт серепчи.

ДЭН СМИТ, ДҮЙНӨ МАСЕЛЕЛЕРИН ИЗИЛДӨӨ БОЮНЧА СТОКГОЛЬМ ЭЛ АРАЛЫК ИНСТИТУТУТУНУН МҮДҮРҮ

- Жакынкы Чыгыштагы абалга байланыштуу маселе, заманбап технологиялар менен, айлана-чөйрөгө байланыштуу коркунучтардын улуттук чек араларга эч кандай тиешеси жок. АКШ, Кытай, Орусия сыяктуу державалардын эч бири бул маселелерди жалгыз өзү чече албайт. Мындай глобалдык маселелерди кызматташтык жана диалог жолу менен гана чечүүгө болот.

Фото: ktk.kz