“Астана клубу”: “Евразия үчүн Топ-10 тобокелдик” рейтинги сунушталды

Ачык диалог жана глобалдык кызматташтык – экономикалык, саясий жана аскердик тирешүүлөрдү болтурбоонун реалдуу жолдору.

Бул тууралуу "Астана клубунун" бешинчи отурумунда айтылды. Эскерте кетсек, форумдун алкагында "Евразия үчүн 2020-жылдагы Топ-10 тобокелдиги" рейтинги сунушталган.

Негизги коркунучтардын катарында – терроризм, курал-жарак жарышы, климаттык өзгөрүүлөр, соода согуштары, жаңы технологиялар чөйрөсүндө үстөмдүк үчүн күрөш. Серепчилер  дүйнөдө ишеним тартибинин бузулганын өзгөчө белгилеп өтүштү.

ЭВАН ФЕЙГЕНБАУМ, КАРНЕГИ ФОНДУНУН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ / АКШ:

– Бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда ишеним каатчылыгы ба     йкалат. Мисалы, Америка жана Кытай аталган рейтингге кирди. Заманбап шарттардагы атаандаштыкты жөнгө салуу боюнча сунуштарды кабыл алуу маанилүү. Экономикалык интеграция өлкөлөр ортосунда ишенбөөчүлүктү жок кылышы мүмкүн.

Жыйындын экинчи күнүндө аянтчанын катышуучулары Борбордук Азиядагы кызматташтыктын жаңы механизмдерин талкуулашат.

ЖООМАРТ ОТОРБАЕВ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКС-ПРЕМЬЕР МИНИСТРИ:

- Казак бир туугандардын ушундай чоң деңгээлдеги конференция уюштурганына мен абдан ыраазымын. Былтыр да катышып ыраазы болгом. Бул жерде негизинен Бордордук Азиянын жалпы келечеги талкууланат. Бешинчи жыйын болуп жатат. Бул деген ошол форматтын туруктуулугун көрсөтүүдө. Биздин Борбордук Азияга ушундай сыяктуу конференциялар абдан керек.

Эртең сессияларда Евразия мамлекеттеринин өнүгүүсүндөгү кыйла актуалдуу тренддерди талкуулоо улантылат. Дүйнөлүк серепчилер глобалдык өсүү борборунун ири Евразия мейкиндигиндеги илгерилетүү жараянын өзгөчө бөлүп көрсөтүүдө.

Фото: inbusiness.kz