Нур-Султанда «Астана клубунун» бешинчи жыйыны өтөт

Нур-Султанда дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн келген серепчилер глобалдык кызматташуунун жаңы ыкмаларын талкуулашат.

Эске салсак, жыл сайын өтүүчү беделдүү аянтчанын бешинчи отуруму жетинин айынын 11-12де өтөт. Катышуучулар дүйнөлүк темалардан тартып, экономиканы өнүктүрүү жолдорун, ошондой эле, өнүгүп келе жаткан глобалдык технологиялык жарыш маселелерин карашат. Мындан тышкары, ядролук куралсыздануу маселелерин жана Евразия өлкөлөрүнүн өнөктөштүгүнүн жаңы форматын түзүүнүн келечегин талкуулоо көздөлүүдө. Отурумдун алкагында эл аралык изилдөөнүн - 2020-жылдын бул аймак үчүн ТОП-10 тобокелдигинин бет ачары өтөт.

ЕРЖАН САЛТЫБАЕВ, РКНЫН БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИ ФОНДУНУН АЛДЫНДАГЫ ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКА ЖАНА САЯСАТ ИНСТИТУТУНУН МҮДҮРҮ:

- 50дөн ашык адам дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн келет. Алардын ичинде Нобель сыйлыгынын лауреаты, 10го жакын мурдагы өкмөт башчылары, учурдагы тышкы иштер министрлери, негизги мээ борборлорунун, атап айтканда Карнеги фондунун, кытайлык ири борборлордун, орусиялык саясатчыларды кошо алганда Фрадков мырза, Орусиянын мурунку чалгын кызматынын башчысы, мамлекеттик Дума комитетинин жетекчилиги бар. Европанын бардык негизги өлкөлөрүнөн бир катар европалык саясатчылар катышат жана бул диалог Евразия өлкөлөрүнүн ортосунда түзүлүүсүнө бардыгы кызыктар.

Фото: informburo.kz