Казакстанга Беларустун Президенти расмий иш сапары менен келди

Казакстан президентинин резиденциясында мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен Беларустун президенти Александр Лукашенконун жолугушуусу башталды.

Сыйлуу конок менен ардактуу кароол учурашты. Расмий салтанаттын жүрүшүндө Улуттук гвардиянын оркестри Казакстан Республикасынын жана Беларусь Республикасынын гимндерин аткарды.

Беларустун Президенти Александр Лукашенконун эки күндүк расмий иш сапары Казакстандын борборунда өтөт. Лукашенко учуп келери менен ата мекендик коргоочулар монументинин алдындагы өчпөс отко гүлчамбар койду. Айта кетсек, бүгүн тар жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөр өтөт, алардын алкагында өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, экономиканын ар түрдүү тармактарында кызматташууну өнүктүрүү келечеги талкууланат.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КР ПРЕЗИДЕНТИ:

-Биз Беларусь делегациясынын келгенине абдан кубанычтабыз. Бизди салттуу достук, кызматташтык байланыштырат, ошондой эле биздин элдер бири-бирине жакын. Мунун башаты тереңде жатат. Ошондуктан Беларусь Республикасынын урматтуу президенти  Александр Григорьевич Лукашенконун башчылыгы менен аталган сапар, ушул кызматташтыктын бардык маселелерин, биздин мамлекерттердин ортосунда талкуулоого жана керектүү кырдаалдарда аларга кошумча түрткү берүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк десем болот. Биз жабык, тар чөйрөдө негизги көйгөйлүү маселелер тууралуу сөз кылдык. Өлкөлөр канчалык жакын карым-катнашта болбосун талкуулай турган, тактоону талап кылган жана эң негизгиси чечүү керек болгон суроолор пайда болот.

Фото: tengrinews.kz