Александр Лукашенко «Хабар» Агенттигине маек берди

Беларусь Президенти Александр Лукашенко Казакстанга расмий сапарынын алдында «Хабар» Агенттигине эксклюзивдүү маек берди.

Башкармалыктын төрагасы Ерлан Бекхожин менен болгон сухбаттын алкагында Лукашенко Минск менен Нур-Султан шаарларынын ортосундагы байланышы тууралуу сөз козгоп, эки мамлекеттин ортосундагы карым-катнаштын калыптануу учуруна токтолду. Ошондой эле, Беларусь башчысы ЕАЭБдин эффективдүүлүгү тууралуу айтып өттү. Анын пикиринде, экономикалар интеграциясы мамлекеттердин ортосунда соода-сатыктын алгылыктуу өсүшүнө таасирин тийгизди. Аны менен бирге, Александр Лукашенко Касым-Жомарт Токаевдин Казакстан менен Беларусь өлкөсүнүн ортосундагы карым-катнашты улантып, аны бекемдеп жатканын кошумчалады.

АЛЕКСАНДР ЛУКАШЕНКО, БЕЛАРУСЬ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Анын саясаты – Беларусь менен Казакстандын ортосундагы уланып жаткан жараяндарды өрчүтүүгө, ошондой эле, жалпы биздин орток экономикалык биримдикти өнүктүрүүгө багытталган. Ал эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнашты мындан ары бекемдей алат. Негиз бар, максат бар. Биз ушул багытты карманабыз. Биздин карым-катнашыбыз мындан ары жакшырышына толук ишенем.

Фото: president.gov.by