Д, Назарбаева ОФ Кеңешинин төрайымы В. Матвиенко менен жолугушту

Парламент Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева Орусияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Орусия Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн - экономикадан тартып маданиятка чейин, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттеринин кызматташтыгын талкуулашты. Алар Казакстан менен Орусиянын көп кырдуу мамилелери абдан жакын экенин белгилешти. Дарига Назарбаева чек аралык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн ачуу зарылдыгын белгилеп өттү жана Казакстан Орусия ортосундагы өткөрүү бекеттеринин макамын жогорулатуу маселесин кароону сунуштады. Мунун ичинде чек арадан өткөрүү жол-жоболорун жеңилдетүү да бар. Жогорку Палата башчысы тең укуктуу виза режимин киргизүүнү да сунуш кылды. Сенат Төрайымы транс чек аралык дарыя ресурстарын пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

ДАРИГА НАЗАРБАЕВА, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПАРЛАМЕНТ СЕНАТЫНЫН ТӨРАЙЫМЫ:

- Суу ресурстарынын 80 пайызы Орусия аймагында калыптанат. Мисалы, Орал дарыясынын Казакстан аймагындагы суу деңгээли гидротехникалык объекттердин ишине тиешелүү. Бул Оренбург менен Орал аймактарына байланыштуу маселе гана эмес. Аталган маселе Казакстандагы бир нече аймак менен Орусия Федерациясынын 5 губерниясын камтыганында. Бул маселе аймактын экономикалык өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизүүдө.

ВАЛЕНТИНА МАТВИЕНКО, ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ФЕДЕРАЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАЙЫМЫ:

- Эки өлкө ортосундагы карым-катнаштар аркасында кызматташтыктын жаңы багыттары ачылууда. Бул өтө маанилүү. Учурда алты жарым миңден ашык биргелешкен ишкана иштейт. Орусиялык инвестициянын көлөмү 13 миллиарддан ашык. Ал эми Орусия экономикасына салынган казакстандык инвестиция 4 миллиардды түзөт.

Фото: eadaily.com