Нурсултан Назарбаев Украинанын Президенти менен жолугушту

Токиодо Нурсултан Назарбаев Украинанын Президенти менен жолугушту. Анда Эл Башы өлкөдөгү окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Украинанын түштүк-чыгышындагы тынчтыкты жөнгө салуу мамлекеттин мындан ары өнүгүшү үчүн өзгөчө маанилүү болуп саналат. Ал эми Владимир Зеленский өлкөнү өзгөртүү жөнүндө айтып, Нурсултан Назарбаевди меймандос Украинага иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, РКНЫН БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИ:

- Украинага күн сайын көз салып турам. Сиздин өлкө мага кайдыгер эмес. Качандыр бир кезде Украинада эки жыл окуганым үчүн эмес. Көз карандысыздыктын биринчи күнүнөн тартып мен сиздердин өлкөнүн бардык президенттери менен жакшы тааныш болгом.

ВЛАДИМИР ЗЕЛЕНСКИЙ, УКРАИНАНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Сизге чоң рахмат. Чындыгында сапаттуу жана экономикалык өзгөрүштөр керек. Учурда укук коргоо органдарын кайра түзүп жатабыз. Өлкө шайлоонун  тынч өтүшүн узак убакыт бою күтүп келди. Бул абдан маанилүү. Токаев мырзаны Украинага иш сапар менен келүүгө чакырдым, учурдан пайдаланып сизди да чакырам. Биз ар дайым Казакстан Республикасын колдойбуз жана сизге ыраазычылык билдирем.

Фото: elbasy.kz