Нурсултан Назарбаев Жапониянын жаңы императорунун такка отуруу салтанатына катышат

Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев Нарухито императордун такка отуруу салтанатына катышуу үчүн Жапонияга барды.

ЕРЛАН БАУДАРБЕК КОЖАТАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ЖАПОНИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Азыркы учурда 177 делегациянын катышуусу тастыкталды. Жапония өкмөтү менен премьер-министри Нурсултан Назарбаевдин Жапонияга болгон утурумдук иш сапарын жогору баалайт жана ыраазычылык билдирет. Анткени бул иш-чара маанилүү окуя болуп саналат, ошондой эле Эл башынын жеке катышуусу Казакстан-Жапония мамилелеринин жана стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин көрсөтөт.

Эскерте кетсек, мындан 27 жыл мурда Казакстан менен Жапония дипломатиялык мамиле түзгөн. Ошол жылдардан бери тараптар мыкты бизнес-өнөктөштөргө айланган. Белгилей кетүүчү жагдай, эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 2019-жылга карата 1 миллиард доллардын айланасында. Казакстанга болгон жапониялык инвестиция болсо 6 миллиард АКШ долларына жакын. Өлкөдө жапондор чет өлкөлүк инвесторлордун ТОП жетилигине кирет. Казакстанда мунай-газ, металлургия, каржы жана автоунаа тармагында 77 ишкана иштейт.