Казакстандын Президенти Корея Республикасынын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Казакстандын Президенти Корея Республикасынын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Казакстандын мамлекет башчысы Түштүк Кореянын Тышкы иштер министри менен жолугушту. Анда эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн келечеги жана кызматташтыктын өнүгүшү талкууланды. Анын ичинде жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу да сөз болду. Мамлекет башчысы соода-инвестициянын жогорку динамикасын жана өз ара технологиялык, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды белгиледи. Өз кезегениде Корея дипломаты келечекте өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экендигин тастыктады.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

- Сиздердин Президенттин ушул жылдын чын куран айындагы сапары өтө жемиштүү болду. Визиттин жүрүшүндө кол коюлган "жаңы шамал" программасы абдан маанилүү болуп саналат жана биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча дем берет. Биз мындан ары Экономика жана бизнес чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө кызыктарбыз.

КАН ГЁН ХВА, КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ

- Биз келерки жылы биздин өлкөгө иш сапарыңызды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Биздин президенттин Казакстанга келишинин натыйжалары абдан жемиштүү болду. Андан аркы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берген макулдашуулар орун алды. Бүгүнкү күндө аларды өлкөнүн  тиешелүү органдары ийгиликтүү ишке ашырып жатат. Бардыгы туура нукта өнүгүүдө. Биз сиздин Түштүк Кореяга болгон сапарыңызды өз ара мамилелердин жаңы багыттарын ачуусу үчүн колдон келген аракетибизди жумшайбыз.

Фото: Ақорда