Нурсултан Назарбаев Түрк Кеңешинин VII саммитине катышат

Бакуда Түрк Кеңешинин жетинчи саммити башталууда. Азербайжандын борборунда өлкө башчылары чогулду. Сыйлуу коноктордун катарында Казакстандын Туңгуч президенти да бар. Иш-чаранын алдында Эл башы бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын башчысы менен Нурсултан Назарбаев түрк алакасынын келечеги тууралуу кеп козгошту.

Азербайжандын башчысы менен Түрк Кеңешинин алкагында кызматташтыкты тереңдетүүнүн мааниси тууралуу талкуулашты.

Бүгүн Нурсултан Назарбаев Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушат деп күтүлүүдө. Белгилей кетсек, саммитте бир нече документке кол коюлат, анын ичинде Нурсултан Назарбаевге Түрк Кеңешинин ардактуу төрагасы макамын берүү тууралуу чечим да бар. Себеби, түрк мамлекеттеринин башчылары Казакстандын Туңгуч Президентинин демилгеси менен жогорку деңгээлде кызматташа баштаган.

Фото: Твиттер