К. Токаев Ашхабад шаарында КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ашхабад шаарында КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Эл аралык жыйынга 10 мамлекеттин башчылары чогулду. Тар курамдагы жолугушууда Казакстандын Президенти өлкөлөрдүн өз ара пайдалуу байланыштарын өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын айтты. Атап айтканда, Касым-Жомарт Токаев көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин алдында турган милдет катары соода-экономикалык мамилелердин кеңейишин белгиледи.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Шериктештиктин алдында өзгөрүп жаткан жаңы жагдайларга ылайыкташуу милдети турат. Өзүңүздөр билгендей, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен КМШнын түзүмдүк модернизациясы башталган. Шериктештиктин андан ары өнүктүрүү концепциясын жана экономикалык өнүктүрүү стратегиясын актуалдаштыруу боюнча иштер колго алынды. Бул иштер дагы уланат.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы тарабынан көрсөтүлгөн демилгелердин катарында электрондук төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин соодасын өнүктүрүү бар. Буга кошумча Касым-Жомарт Токаев КМШ өлкөлөрүнүн аймагында "шериктештик визасы" бирдиктүү режимин киргизүү маселесин кароону сунуштады. Бул Шенген визасы сыяктуу чет өлкөлүк жарандарга КМШ өлкөлөрүнө бир документ менен кирүүгө  мүмкүнчүлүк берет.

Фото: Хабар 24