Казакстан Ооганстанга 80 миллион долларлык каржылай жардам көрсөттү

Ооганстан экономикасын Борбор Азия аймагындагы башка өлкөлөр менен интеграциялоонун мааниси жогору. Бул тууралуу Нур-Султан шаарында өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Ооганстан боюнча тегерек столунда айтылды. Иш-чаранын алкагында эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү ал жердеги абалды калыбына келтирүүгө тиешелүү сөз козгошту. Аймактагы эң туруксуз мамлекетке дүйнөнүн булуң-бурчу колунан келишинче жардам көрсөтүп келет. Анын ичинде Казакстандын да салымы чоң. Казакстан бүгүнкү күнгө чейин аталган Ислам Республикасынын экономикасына 80 миллион доллар каржы салган. Анын 26 миллион доллары гуманитардык жардам. Негизинен билим берүү, айыл чарба жана курулуш тармактарын жакшыртууга колдоо көрсөтүлгөн.

СТАНИСЛАВ ВАСИЛЕНКО, РК ТИМДИН ӨЗГӨЧӨ ТАПШЫРМАЛАР БОЮНЧА ЭЛЧИСИ:

- Бул Казакстандын Ооганстан экономикасына салган жалпы каржысы менен гуманитардык жардамдарынын жалпы суммасы. Биз ал жерде мектептерди куруп, жаңы жолдорду салдык, керек болсо темир жол курулушуна чейин катыштык. Ооган өлкөсүндө кыз балдардын билим алуусу кыйын. Ушул нерсени эске алып, биз миң оогандык студентти окутуу үчүн 50 миллион багыттадык.

Фото: holanews.kz