К. Токаев иш сапары менен Арменияга барды

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев иш сапары менен Арменияга барды. Ереванда Касым-Жомарт Токаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин отурумуна катышууда. Күн тартибине ылайык, алгач мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуулары өттү. Атап айтканда, президент Касым-Жомарт Токаев Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен эки мамлекеттин соода-экономикалык байланыштарын тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Маалыматка ылайык, 2018-жылдын жыйынтыгы менен өлкөлөр ортосундагы соода алмашуу 13 миллион долларды түзгөн.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

– Биздин мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө абдан чоң  каалоо бар. Ошого карабастан, объективдүү жана кандайдыр бир деңгээлде өнүгүүгө тоскоолдук кылуучу субъективдүү себептер бар, алар баарынан мурда кызматташуунун өнүгүшүнө тоскоолдук кылат. Бирок биз өзгөчө көңүлдү соода-экономикалык кызматташтыкка буруубуз керек. Ошондуктан бул багытта өкмөттөр аралык комиссиялардын жана башка тараптардын иштерин күчөтүү зарыл.

НИКОЛ ПАШИНЯН, АРМЕНИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Албетте акыркы жылдары биздин соода-экономикалык мамилебиз жигердүү түрдө өнүгүп жатат. Бирок биздин кызматташтыктын келечеги жаркын деп ойлойм. Биз бул мүмкүнчүлүктөр биздин өлкөлөр үчүн пайдалуу болушу үчүн иш алып барышыбыз керек. ЕАЭБ Армения жана Казакстандын бизнеси үчүн жаңы эшиктерди ачып жатат.  Кызматташтыкты тереңдетүү үчүн болушунча колдоо көрсөтөбүз.

Мындан сырткары, Казакстандын Президенти Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун менен жолугушту. Эки өлкөнүн башчылары белгилеп өткөндөй, бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташтык бардык деңгээлдерде ишке ашып жатат. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев Иран өлкөсүнүн президенти Хасан Роухани менен жолугушту. Тараптар алдыдагы кызматташтык өз ара соода-экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрүү тууралуу кеп козгошту. Анда биргеликте ишке ашырыла турган долбоорлорго артыкчылык берилди.

Фото: Акорда