Казакстан БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын колдойт

Казакстан туруктуу өнүгүү максаттарынын ишке ашуусун толугу менен колдойт. БУУнун миссиясынын өлкөдөгү өкүлдөрүнүн пикири боюнча, 2030-жылга чейинки мезгилдеги глобалдык күн тартиби республикада стратегия - 2050нү натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Эске салсак, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эл аралык коопсуздук жана туруктуу өнүктүрүү боюнча бир катар демилгелер менен чыккан. Атап айтканда, ал Борбор Азия мамлекеттери жана Ооганстан үчүн бул жылы Казакстанда ачык эл аралык уюмдардын имаратынын базасында туруктуу өнүктүрүү борборун түзүүнү сунуштаган. Серепчилердин пикиринде, бул демилге аймак үчүн өзгөчө мааниге ээ.

НОРИМАСА ШИМОМУРА, КАЗАКСТАНДЫН БУУдагы ТУРУКТУУ КООРДИНАТОРУ:

- Биз Токаев мырзанын Бириккен Улуттар Уюмунун аянтчасында баяндама жасаганына кубанычтабыз. Ал ушул жылдын чын куран айында туруктуу өнүгүү максаттары боюнча Казакстанда алгачкы форум өткөрүлгөнүн айтты. Ошондой эле, максаттарды ишке ашыруу боюнча улуттук жолун тааныштырды. Туруктуу өнүгүү максаттарынын 90 пайызы Казакстандын стратегиялык мамлекеттик документтерине киргизилген. Президент мындан тышкары туруктуу өнүгүү максаттарын каржылоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Фото: Казинформ