Корея жарым аралын денуклеаризациялоо маселесине арналган Казакстан-Корея форуму өттү

Корея жарым аралын денуклеаризациялоо маселесине арналган Казакстан-Корея форуму өттү. Иш-чараны Казакстандын Туңгуч Президенти – Эл башы фонду Корея фонду менен биргеликте уюштурган. Жыйында серепчилер ядролук куралсыздандыруу маселесин талкуулашты. Анын ичинде Корея жарым аралын ядролук куралдан азат кылуу сүйлөшүүлөрүнө жолтоо болгон факторлор айтылды.

ИГОРЬ РОГОВ, ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТ – ЭЛ БАШЫ ФОНДУНУН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮНҮН ОРУН  БАСАРЫ:

- Санкция киргизүү менен маселе чечилбейт. Кээ бир учурда алар эффективдүү болгону менен пайда болгон чыңаалууну чечпейт. Ошондуктан өз ара ишенимдүү аракеттер керек.

БАХЫТ ДҮЙСЕНБАЕВ, КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ РК ЭЛЧИСИ:

- Бул маселени Казакстан менен Корея серепчилеринин талкууга салып, талдоо жүргүзүүсү абдан маанилүү. Келечекте ага Түндүк Корея менен Кытай сыяктуу кызыктар тараптардын серепчилик коомдоштуктарын тартуу да көздөлүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, Казакстан жана Түштүк Корея ядролук тармак адистеринин ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган. Анын алкагында түштүк кореялыктар Семей ядролук полигонун изилдөөдө.