Арменияда Казакстандын ардактуу консулдугу ачылды

Арменияда Казакстандын биринчи ардактуу консулдугу ачылды. Уюм өз ара ишмердик жана маданиятты бекемдөө боюнча иш алып барат. Белгилей кетсек, өткөн жылдын жыйынтыгы менен өлкөлөр ортосундагы соода алмашуу 13 миллион долларга жеткен. Эми республика бул көрсөткүчтү эки эсеге көбөйтүүгө ниеттенүүдө.

ТИМУР УРАЗАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН АРМЕНИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Биздин башкы милдет жөн гана дүң мааниде эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү эле эмес, биринчи кезекте Казакстан жана Армения бизнес-коомчулугунда алардын тышкы байланыштарын кеңейтүү үчүн, чакан бизнести өнүктүрүү үчүн абдан жакшы шарттарды түзүү.

Ардактуу консул болуп аймактагы белгилүү ишкер Арам Абраамян дайындалды. Бизнесмен эки жактуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө бар болгон күчүн жумшоого ниеттенүүдө.

АРАМ АБРААМЯН, КАЗАКСТАНДЫН АРМЕНИЯДАГЫ АРДАКТУУ КОНСУЛУ:

- Ардактуу консулдук Казакстан жарандарына консулдук кызматтардын бардыгын көрсөтөт. Керек болгон жагдайда түрдүү социалдык жана башка да маселелерди чечүүгө жардам берет. Башкы милдетибиз – экономикалык катнаштарды өнүктүрүү. Ошондой эле, Армения элин Казакстан маданияты менен тааныштыргыбыз келет. Дал ушул максатта маалымат агымын ар тараптандыруу үчүн Вайоц ДзОр аймагында ушул консулдук ачылды.

Арам Абраамян Казакстандын борборунда өтө турган ардактуу консулдардын съездине катышууну жана ошондой эле өлкө аймактарын кыдырууну пландаштырып жатат.

Фото: Хабар 24