Касым-Жомарт Токаев АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушту

АКШда Казакстандын Президенти жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Касым-Жомарт Токаев Америка лидери Дональд Трамп, Молдова башчысы Игорь Додон, Люксембург премьер-министри Ксавье Бетелль жана Финляндия президенти Саули Ниинистё менен жолугушту.

Тараптар саясий, соода-экономикалык, гуманитардык, маданий байланышты бекемдөөгө келишти. Казакстандын Президенти Финляндия менен унаа-логистикалык тармактагы өнөктөштүктү тереңдетүүнүн, АКШ менен аймактык жана дүйнөлүк коопсуздукту камсыз кылуу ишинде биргеликте иш алып баруу маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эми, Люксембург «Астана» эл аралык каржы борбору менен кызматташтыкты жандандырууга кызыктар экени белгилүү болду.

Фото: Акорда