Казакстан Президенти Нью-Йоркто ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту

Нью-Йоркко болгон сапарынын алкагында  Касым-Жомарт Токаев белгилүү америкалык саясатчы, «Eurasia Group» изилдөө жана консалтингдик компаниясынын негиздөөчүсү жана президенти Ян Бреммер менен жолугушту. Тараптар Технологиялык өнүгүүдөгү заманбап тренддерге токтолушту. Президент Ян Бреммерди «Astana Club» эл аралык пикир талкуу аянтынын жумушуна катышууга чакырды.

Мамлекет башчысынын АКШдагы эки жактуу жолугушуулары «Goldman Sachs» президенти Дэвид Соломон менен жыйынтыкталды. Компаниянын Казакстандагы кызматынын негизги багыттары, анын ичинде АЭКБнын алкагындагы кызматташтык маселеси талкууланды. Касым-Жомарт Токаев Дэвид Соломонго Казакстандын ишмердүүлүгүнө жигердүү катышып жатканына ыраазычылык билдирди.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ :

- АЭКБнын биржасынын катышуучусу болгонуңузга ыраазычылык билдирем. Сиздердин компания биздин өлкөдөгү бир катар долбоорлорго кызыктар болуп жаткандыгынан кабардармын. Мисалы, Казмунайгаз, Казпочта жана Самрык-Энерджи сыяктуу ишканалардын  айпиосуна катышууга кызыктарсыздар.

ДЭВИД СОЛОМОН, «GOLDMAN SACHS» КОМПАНИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Узак мезгилдүү өнөктөштүк орнотууга кызыктарбыз. Абдан маанилүү иш алып барып жатканыңыздарга күбө болуп жатабыз. Ушул жараянга биз да кошулдук. 2020-жылы айпиого катышуу тууралуу мерчемди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жаралат деген ойдомун.

Фото: Акорда