Казакстан Президенти БУУнун туруктуу өнүгүү максаттары форумуна катышты

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Америка Кошмо Штаттарына болгон сапарынын жүрүшүндө Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү максаттары жөнүндөгү жогорку деңгээлдеги форумга катышты. Мамлекет башчысы эл аралык коомчулуктун көңүлүн Казакстанда орун алган акыркы өзгөрүүлөргө бурду.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү максаттары алкагында элдин үнүнө кулак салган өкмөт концепциясын ишке киргиздим. Максаты - бийлик менен коомчулуктун ортосунда диалог жүргүзүү жана калк үчүн мамлекеттик саясаттын максималдуу ачык болушун камсыздоо, ошондой эле, билим берүү системасын жаңыртуу, санариптик экономиканы өркүндөтүү жана интенсивдүү инфраструктуралык өнүгүү аркылуу масштабдуу прогресс жасоо болуп саналат.

Казакстанда БУУнун туруктуу өнүгүү максаттары жөнүндөгү борбору орун алышы мүмкүн. Президент регионалдык деңгээлде өзүнүн таасирдүү түзүмүн көтөрүп, Борбор Азия кызматташтыгын арттырууга чакырды.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Казакстанда туруктуу өнүгүү максаттары жөнүндөгү БУУнун аймак аралык борборун курууну сунуштайм. Азыр биздин аймак соода-экономикалык кызматташтыктын жаңы этабына кадам таштады. Биздин тагдырыбыз бир. Ошондуктан жалпы маселелер менен коркунучтарды биргеликте чечүүбүз керек. Ошентип биз Казакстанда гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азияда жана Оганстанда туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүнү тездете алабыз.

Фото: Акорда