К. Токаев ядролук куралдан толугу менен баш тартууну сунуштады

БУУнун Башкы Ассамблеясындагы өз сөзүндө Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев бир катар дүйнөлүк көйгөйлөрдү жана демилгелерди көтөрдү. Алардын ичинде глобалдык коопсуздукка тиешелүүлөрү да бар.  Аймактык конфликттердин жана ядролук куралды таратууга байланышкан коркунучтардын курчушу бардык адамзатты тынчсыздандырат, дешет серепчилер.

АСЕЛЬ НАЗАРБЕТОВА, РКНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ КИСИ БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Казакстан дайыма ядролук куралдан баш тартууда, ядролук куралды таратууга каршы күрөшүүдө демилгечи болгон. Казакстан ядролук куралды жайылтпоо жаатында дайыма бир жактуу саясат менен таанылган өлкө катары ансыз жашоого боло тургандыгын өз мисалы менен көрсөтүп берди. Ушундайча ири державалардын колдоосуна ээ болду. Учурда Казакстан тынчтыкты сүйгөн мамлекет катары саясат жүргүзүп келе жатат.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясында Мамлекет башчысы ядролук куралдан толугу менен баш тартууну сунуштады. Касым-Жомарт Токаевдин пикиринде, дүйнөдө коркунучтар күчөп жатат. Буга байланыштуу коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тийиштүү чаралар керек.

АЛМАС АРЗЫКУЛОВ, РКНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ КИСИ БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Мен ядролук куралдан баш тартуу - бул өтө маанилүү демилге деп ойлойм. Мындан тышкары, Президент Борбордук Азия менен болгон өз ара мамилелер тууралуу да пикирин билдирди. Мисалы, сөз Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өз ара кызматташтыгы, аймактын экономикалык, климаттык жана суу көйгөйлөрү жөнүндө болду. Эгерде ушул маселелердин бардыгы чечиле турган болсо, албетте, адамдардын жашоосуна ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Фото: Акорда