К. Токаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясында сөз сүйлөдү

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын ачылышына катышты. Сөз сүйлөө учурунда Мамлекет башчысы  ядролук куралдан эркин дүйнө куруу өлкө үчүн чоң артыкчылык болуп саналарын белгилеп өттү. Ошондой эле, “бул казак калкынын жалпы элдик бир туугандыгынын ажырагыс бөлүгүнө айланып, ядролук куралды жоюу жөнүндөгү глобалдык кыймылдын алдыңкы катарында болууга моралдык укук берерин” кошумчалады.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

– Биз ядролук куралдан эркин, коопсуз келечекке алып баруучу жол картасы катары тынчтыкты түзүү боюнча бардык декларацияны ишенимдүү колдошубуз керек. Биз ядролук куралдан эркин аймактар ортосундагы мамилелерди күчөтүүгө жана ушундай жаңы зоналарды түзүүгө ниеттенүүдөбүз. Казакстан Иран өзөктүк программасы боюнча биргелешкен иш-аракеттердин комплекстүү планы жана Корея жарым аралын денуклеаризациялоо маселелери боюнча тараптардын кызыкчылыктарын жана пикирлерин эске алуу менен саясий жол аркылуу чечилиши керек деп ишенет.

Казакстан Президенти Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмени толук кандуу уюштурууга трансформациялоонун зарылдыгын белгиледи. Ошону менен бирге тараптарды коопсуздук жана тынчтык маселелерин биргелешип талкуулоого чакырды.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

– Мен бугу айында Казакстанда БУУнун жаңы имаратын ачтым. Ал жакта эл аралык уюмдун 16 агенттиги жайгашкан. Мындан кийинки кадамым катары ушул имаратта Борбор Азия менен Ооганстанга жардам берүү мандаты астында туруктуу өнүктүрүү боюнча БУУ борборун жайгаштырууну сунуштайм.

Эске сала кетсек, Башкы Ассамблеянын сессиясына 200 мамлекеттин лидерлери, мамлекет башчылары, өкмөт башчылары жана тышкы иштер министрлери катышты.

Фото: Акорда