БУУ Башкы Ассамблеясынын алкагында Касым-Жомарт Токаев бир катар жолугушууларды өткөрдү

БУУ Башкы Ассамблеясынын алкагында мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев бир катар жолугушууларды өткөрдү. Швейцария конфедерациясынын президенти Ули Маурер менен тараптар соода-экономикалык байланышты тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Анда Казакстандын швейцариялык бизнес коомчулугу менен кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани бере тургандыгы белгиленди. Швейцария тарап да эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө  кызыктар экендигин билдирди.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Швейцария абдан ири соода-экономикалык өнөктөштөрүбүздүн бири. Инвестиция боюнча да сиздер алдыңкы топко киресиздер. Ортодо тыгыз кызматташтык орногон. Сиз менен Казакстанда атайын жолугушкум келет. Эки тараптын бизнес коомчулугу менен жолугушуу уюштурууну сунуштайм.

УЛИ МАУРЕР, ШВЕЙЦАРИЯ КОНФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Кызматташтык байланышыбызды абдан жогору баалайм. Эки тарапка да анын пайдасы чоң.

Ошондой эле, БУУ Башкы Ассамблеясынын сессиясы алкагында Казакстан Президенти Болгария, Грузия, Польша жана Украина башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Лидерлер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.

Фото: Акорда