Касым-Жомарт Токаев БУУ Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясына катышат

Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев Нью-Йоркко иш-сапары менен барды. АКШда республика башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясына катышат.

Мамлекет башчысы Жалпы дебаттарга жана туруктуу өнүгүү тууралуу жогорку деңгээлдеги саясий форумга катышат. Эскерте кетсек, быйылкы жылы Башкы Ассамблеянын сессиясы «кедейликти жоюу, сапаттуу билим, климаттык иш-аракет жана ар тараптуу көз карашты калыптандыруу боюнча ар тараптуу иш-аракеттерди бириктирүү» темасында өтөт.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул Касым-Жомарт Токаевдин өлкө башчысы катары Америка Кошмо Штаттарына болгон алгачкы сапары.

Фото: Акорда