Бундестагтын депутаты К.Токавдин «коом үнүнө кулак түргөн мамлекет» концепциясына жогору баа берди

Казакстан президенти 100 күн ичинде өлкөдөгү демократиялык өнүгүүнүн жаркын көрүнүшүн көрсөттү. Бул Түркия Республикасынын Башкы Омбудсмени Шереф Малкочтун пикири. Акыйкатчынын айтымында, мамлекет башчысынын баштаган реформалары өлкөдөгү бийлик менен коом ортосундагы диалогду бекемдеп, туруктуулукту жаңы деңгээлге көтөрдү. Бул өз кезегинде өлкө экономикасына кыска убакытка белгилүү бир салым кошот. Мындан башка, Башкы Омбудсмен Касым-Жомарт Токаевдин «Улуттук коомдук ишеним кеңешин түзүү – заман талабына шайкеш келген мыкты чечим» деп атады.

ШЕРЕФ МАЛКОЧ, ТҮРКИЯНЫН БАШКЫ ОМБУДСМЕНИ:

- Мамлекеттик органдар менен кызматкерлердин натыйжалуулугун арттыруу - калк менен кайра байланыш орнотууда эң маанилүү фактор. Билимдүү адис - сапаттуу кызмат көрсөтүү менен катар, мамлекеттик бюджетти үнөмдөйт. Муну Касым-Жомарт Токаев жакшы билет. Ушул себептен, алгачкы күндөн баштап реформаларды ушул багытка бурду. Мындан башка, өлкөдө түзүлгөн Улуттук коомдук ишеним кеңеши менен митингдер тууралуу мыйзамдарды өнүктүрүү - демократиялык өнүгүүнүн жаркын көрүнүшү.

Касым-Жомарт Токаев Казакстанды өнүгүү жана реформа жолу менен алып келе жатат, дешет Германия парламентинин депутаттары. Бундестаг өкүлдөрүнүн айтуусунда, Токаев бийлик башына келгенден бери дүйнөлүк саясатка көп көңүл бөлүп келет. Мындан башка бизнести, анын ичинде чакан ишкерликти колдоону башкы милдеттердин катарына коюнун маанилүүлүгүн атап өттү. Ал эми президент Токаевдин «коом үнүнө кулак түргөн мамлекет» концепциясын алдыңкы катарга коюу демократиялык өнүгүүнүн айкын белгиси, деген пикирде.

МАНФРЕД ГРУНД, БУНДЕСТАГ ДЕПУТАТЫ:

- Президент Токаев келечекти программалап, андан ары өнүктүрүү керектигин айтат. Айрыкча, эл менен бардык деңгээлде диалогду күчөтүү керек дейт. Бул өтө жакшы. Кызматкерлердин элди уга билгени жакшы. Анын көп партиялыкты өнүктүрүү менен сот системасында реформаларды жүргүзүү тууралуу сунушу да абдан маанилүү. Бул демократияны бекемдөөгө багыт деп айтаар элем. Президент Токаевдин алдыга койгон маанилүү милдеттеринин бири – коррупцияга каршы күрөш. Биз бул иште өз тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз.

Фото: Акорда