К. К. Токаев: Президенттин 100 күнү

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттин башына келгенине 100 күн. Эл аралык серепчилер мамлекет башчысынын ушул убакыттын ичиндеги жумушуна өз пикирлерин билдиришти. Тажрыйбалуу адистер Токаевдин өлкө жетекчилигиндеги алгачкы кадамдарына оң баасын берип жатат.

ЗАРЕМА ШАУКЕНОВА, КООМДУК ИЛИМДЕРДИН ДОКТОРУ, ПРОФЕССОР:

- Мамлекет башчысы 5 мыйзам долбооруна кол коюп, 40 буйрук жана 95 жарлык чыгарды. Ошондой эле, Казакстан Республикасынын  Президенти борбор мамлекеттик, жергиликтүү аткаруучу орган жетекчилери, бизнес ассоциация, жарандык сектор жана коомдун башка өкүлдөрү менен 140 ишкердик жолугушуу менен кеңешме өткөрдү.

ЭДУАРД СОЛОВЬЕВ, САЯСИЙ ИЛИМДЕРДИН КАНДИДАТЫ / ОФ:

- Ал Казакстандын алдында турган тапшырмалар менен маселелерди жана жалпы милдеттерди жакшы түшүнө билген билимдүү жана көрөгөч саясатчы. Албетте биз Казакстанда болуп жаткан бардык жараяндарды кызыгуу менен байкап турабыз. Казакстан биздин аймак боюнча гана эмес, жалпы эң жакын стратегиялык өнөктөш катары эсептейбиз. Ошондуктан Президент Токаев менен Казакстан элине бир гана жогорку ийгиликтерди каалайбыз. Ушул 100 күндүн жыйынтыгы боюнча өлкө өнүгүүнүн жаңы даңгыр жолуна түштү. Ошондуктан бардык демилгелер ийгиликтүү болушун тилейм.

Фото: Хабар 24