БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясына бир жума калды

Аяк оона айынын он жетисинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясы ачылат. Форумга уюмга мүчө 193 мамлекеттин делегациялары катышат. Быйыл дүйнөлүк маанилүү саамалыктын алкагында Климаттын өзгөрүшү жана аны менен күрөшүү саммити, Туруктуу өнүгүүгө тиешелүү саясий форум сыяктуу көптөгөн иш-чараларды өткөрүү мерчемделген.

РАУФ КЕДЕР, БЕЙӨКМӨТ УЮМДУН ӨКҮЛҮ:

- Казакстандын тынчтык тышкы саясаты БУУнун максаттары менен толук айкалышат. Ошондуктан Казакстандын тышкы саясаты менен сыймыктанам. Сиздердин мамлекет Сирия чыр-чатагын чечүү үчүн көп эмгектенди. Сиздердин өлкөңүздөр жогорку мактоого ылайык. Чатакташкан тараптардын башын бир нече жолу бириктирди. Нур-Султанда Сирия өкмөтү менен куралдуу оппозиция делегациясынын жолугушуусу чоң жетишкендик. Сирия  оппозициясы менен өкмөттүн ортосундагы чыр-чатакты тынчтык жолу менен чече алган – бир гана Казакстан болду. Алар дүйнөлүк тынчтык үчүн абдан маанилүү.

Фото: egemen.kz