Азык-түлүк коопсуздугу тууралуу Ислам уюмунун 2-Башкы ассамблеясынын жыйынтыгы

Казакстандын дан фондун жана Ислам тамак-аш өнөр жайы ассоциациясын түзүү тууралуу демилгелер Азык-түлүк коопсуздугу тууралуу Ислам Уюмунун Башкы Ассамблеясында колдоо тапты. РК Тышкы иштер министрлиги Азык-түлүк коопсуздугу тууралуу Ислам Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйынтыгын чыгарды. Эскерте кетсек, сессия баш оона айынын 27-29да Жиддада уюмга мүчө 24 өлкөнүн делегацияларынын катышуусу менен өткөн. Отурумдун алкагында катышуучулар АКИУнун Башкы Ассамблеясынын курамын шайлады. Белгилеп айтканда, Сауд Арабиясы – Төрага, Тажикстан жана Гамбия – төраганын орун басарлары, ал эми Казакстан – баяндамчы болуп дайындалды. Жолугушуунун алкагында бюджет каралып, алдыдагы беш жылга мерчем менен айыл чарба тармагына үч жылдык инвестициялоо программасы кабыл алынды.

ЕРЛАН БАЙДАУЛЕТ, АКИУ КАТЧЫЛЫГЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Биз дан фондун түзүүнү караштырып жатабыз. Жакынкы күндөрү ири улуттук жана жеке айыл чарба биримдиктеринин катышуусу менен жумуш тобунун отуруму мерчемделүүдө. Биз Ислам дүйнөсү өлкөлөрүнүн орток рыногун өнүктүрүү үчүн абдан кызыктуу жана маанилүү агро-инвестициялык фонд түзүүнү пландоодобуз. Ошондой эле, биз унаа жана логистика, илим жана технологиялар борборун түзүүнү көздөп жатабыз, мындан ары жалпылоочу этапта бизде онлайн-биржа түзүү мерчеми бар.

Белгилей кетүүчү жагдай, Азык-түлүк коопсуздугу тууралуу Ислам Уюмунун – айыл чарба тармагында тажрыйба алмашуу, мыкты технологияларды киргизүү, инвестиция тартуу жана башка да өзөктүү милдеттерди аткаруу багыттарына басым берилди. Азыркы тапта АКИУ дүйнөнүн 34 мамлекетинин башын бириктирет.