Казакстан Президенти Кытайга барат

Аяк оона айынын 11-12де президент Касым-Жомарт Токаев Кытайга биринчи расмий сапары менен барат. Кытай Эл Республикасынын Казакстандагы элчиси Чжан Сяонун пикиринде, бул эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ болот. Казакстан менен Кытайдын жетекчилиги өз ара аракеттешүүнүн жаңы багыттарын белгилейт, ошондой эле жакынкы жылдарга кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктайт.  Тараптар эл аралык күн тартибин талкуулап, жогорку технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин ортого салат. Мындан сырткары, маданий-гуманитардык  компоненттерге көңүл бурат.

ЧЖАН СЯО, КАЗАКСТАНДАГЫ КЭР ЭЛЧИСИ:

- Казакстан Президентинин сапары Кытай Эл Республикасынын түзүлгөнүнүн 70 жылдык мааракеси алдында өткөнү жатат. Менин оюмча, бул убакыт жөн жерден тандалган жок. Сапардын расмий жана бейрасмий бөлүгү бир катар иш-чараларга бай болот. Белгилеп айтканда, Касым-Жомарт Токаев кытайлык ишкерлер менен жолугушуп, Кытай коомдук  окумуштуулар академиясында сөз сүйлөйт.