БУУ Астана жараянынын маанилүүлүгүн белгилешти

Астана жараянынын алкагында өкмөт аскерлери жана сириялык оппозиция өкүлдөрүн элдештирүүнүн так натыйжаларына жетишилди. Мындай пикирди Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү жана эл аралык серепчилер айтып жатышат. Эскерте кетсек, Казакстандын борборундагы диалог аянтында ушуну менен үчүнчү жыл катары менен Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу багытында сунуштар жасалып келет. Белгилеп айтканда, Астана жараянындагы кепил мамлекеттирдин арасында жетишилген келишимдердин натыйжасында туткундарды алмашуу ишке ашырылды. БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Сириядагы кырдаалды талкуулоого арналган кезектеги отурум өттү. Өзгөчө Идлибде орун алган кырдаалды жөнгө салуунун, өлкөнүн Конституциялык комитетин ишке кошуунун маанилүүлүгү айтылды. Араб мамлекетинин эгемендүүлүгүн жана аймактык бирдейлигин урматтоого чакырыктар айтылды.

ГЕЙР ПЕДЕРСЕН, БУУ БАШКЫ КАТЧЫСЫНЫН СИРИЯ БОЮНЧА АТАЙЫН ӨКҮЛҮ:

- Сириядагы кырдаалды тынчтык жол аркылуу иретке келтирүү жолдору Женевадагы жолугушуулар менен чектелбеши керек. Эң биринчи, сириялыктардын өмүрлүк маселелерин чечүү керек. Эсептик кезеңде Иран, Түркия, Орусия түзгөн жумушчу тобунун камкордугу менен туткундагыларды азат кылуу боюнча бир убакытта 4 операция жүргүзүлдү. Эл аралык оюнчулар Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен жүргүзүлүп жаткан тынчык жараянды колдоого өз салымын кошууда. Мен Астана жараяны уланат деп ишенем жана ушул сыяктуу чакан топтор менен иш алып барууда прагматикалык көз караш сакталат деп ойлойм.

Фото: kznews.kz