Эл аралык ядролук сынактарга каршы иш-аракеттер күнү

Баш оона айынын жыйырма тогузунда эл аралык ядролук сынактарга каршы иш-аракеттер күнү белгиленет. Бул күндү 2009-жылы Казакстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы бекиткен. Мындан 28-жыл мурда ушул күнү Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен Семей сынак полигону расмий түрдө жабылган. Ушундай шарттарда, эгемен өлкө кубаты боюнча дүйнөдөгү төртүнчү ракеталык-ядролук мүмкүнчүлүктөн баш тарткан.

Бүгүнкү күндө Казакстан – бүткүл дүйнөлүк антиядролук кыймыл лидерлеринин бири. Өлкө ядролук куралга каршы дүйнөлүк кыймылды баштап, ядролук сынактарга жапырт тыюу салуу тууралуу келишимдин күчүнө кириши үчүн «АТОМ» эл аралык долбоорун ишке ашырууда. Ядролук сынактардан таптакыр баш тартуу тууралуу онлайн-петицияга дүйнөнүн каалаган чекитиндеги ар бир адам кол кое алат. Аны менен бирге, коңшу мамлекеттер менен биргеликте, Борбор Азияда ядролук куралдардан эркин аймак куруу тууралуу демилгесинин мааниси жогору. Буга катар 2015-жылдын бештин айында Казакстан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы кабыл алган Ядролук куралдан эркин дүйнө куруу тууралуу жалпыга орток  декларациянын демилгечиси жана авторлорунун бири аталды.

Фото: dailytimes.com.pk