Казакстан АКШнын Борбор Азиядагы башкы шериктеши

АКШ Казакстанды Борбор Азиядагы жана андан сырт жерлердеги башкы шериктештеринин бири катары санайт. Казакстандын БУУ Коопсуздук Кеңешинин курамындагы ийгиликтүү жумушунан кийин макамы жаңы сыпатка ээ болду. Азыркы убакытта алдыңкы орунда экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, америкалык инвестиция көлөмүн көбөйтүү, билим жана маданият тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери турат. АКШынын илимий топ өкүлдөрүнүн айтымында, Казакстандын интеграциялык демилгелерди ишке ашырууга жана Борбор Азиянын унаалык-транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга бардык мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле, өлкө Ооганстандагы жана башка да чыр чатактар чыңалган аймактарда тынчтык куруу жана туруктуулукка кол жеткирүүдө жигердүү роль аткарууну улантышы керек,-дешет адистер.  Казакстан БУУ Коопсуздук Кеңеш алкагында ушул багытта так кадамдарды жасап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды. Эки өлкө жарандарынын сапарларынын көбөйүшү да Казакстанга болгон кызыкчылыктын өсүшүнүн белгиси.

СТИВЕН ЛАКС, СИРАКУЗ УНИВЕРСИТЕТИНИН ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Казакстан ички реформалары, Борбор Азиядагы кадыр-баркы менен жогорку макамга ээ. Ал жерде геосаясатка, экономикалык өнүгүүгө жана энергетика тармагындагы көптөгөн маселелерге көңүл бөлүнгөн. Ушул жана башка  таасирлер Казакстан менен Борбор Азияны тартымдуу кылат. АКШынын мамлекеттик башкаруу системасына, демократияга өздүк көз карашы бар. Ушундай баалуулуктардын көбүн адамдар жылуу кабыл аларын билебиз. Казакстандын да, Өзбекстандын да, башка өлкөлөрдүн да америкалык тажрыйбага кызыгуусу өсүп келе жаткандыгы байкалат.

Фото: baribar.kz