Н. Назарбаевдин жаңы тапшырмасы: Жаңы саясий шарттарда партиянын ролу өсүп жатат

Н. Назарбаевдин жаңы тапшырмасы: Жаңы саясий шарттарда партиянын ролу өсүп жатат

«Nur Otan» партиясынын көз карандысыздык жылдарындагы ишинин жыйынтыктары толук жаңы саясий жагдайларда жаңы өзгөрүштөр үчүн  тирек жана таяныч болууга тийиш. Партиянын саясий кеңешинин кеңейтилген жыйынында өлкөнүн биринчи президенти ушундай тапшырма койду. Жалпы ийгиликке жетиш үчүн өлкөгө коомдун суроо-талаптарына так жооп бере ала турган күчтүү лидер жана күчтүү партия керектигин Нурсултан Назарбаев баса белгиледи. Эл Башы Мажилистеги партия фракцияларынын катышуусу менен Өкмөттүн атайын отурумун өткөрүүнү жана калган маселелерди талкуулоону сунуштады. Анын айтымында, бул бир гана министрлер кабинетине пайда алып келет.  Жалпысынан «Nur Otan» партиясынын алдында стратегиялык курстун ырааттуулугун жана жолун жолдоону сактоо, заманбап талаптарга жооп берүү милдети турат.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КР ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ – ЕЛБАСЫ, «NUR OTAN» ПАРТИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Эл биздин ишибиздин натыйжасын көрүп жатат. Бул иштердин бардыгы  Көз карандысздык жылдарында жасалды.  Мыйзамдарды кабыл алдык, тиешелүү аракеттерди жасадык. Аталган аракеттердин бардыгы биздин партиябыз - «Nur Otan» аркылуу ишке ашты. Бирок жашоо бир орунда турбайт. Баары өзгөрүп жатат. Бүткүл дүйнөдөгү саясий партиялар жаңы саясий маселелерге туш болуп жатат. Эл аралык тажрыйбалар көрсөткөндөй туруксуздук кезинде алдыга жылуу үчүн өлкөнүн алдыңкы партиясынын ичинде жана жалпы коомчлукка биримдик керек. Биримдиксиз чоң жыйынтыктарга жетүү мүмкүн эмес. Жаңы саясий кырдаалдарда партиянын ролу алгылыктуу өсөт.

Фото: nurotan.kz