Казакстан-Индия: Өткөн жылы соода алмашуу 1 миллиард доллардан ашты

Казакстан - Индиянын кызматташтыгы ийгиликтүү уланууда. Индия элчиси Прабхат Кумардын айтуусунда, эки өлкөнүн мамилеси жаңы деңгээлге ээ. Өткөн жылы соода алмашуу 1 миллиард доллардан ашып, 2017-жылга салыштырмалуу 25 пайызга өскөн.

ПРАБХАТ КУМАР, ИНДИЯНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

– Индия Казакстанга инвестиция салып жатса, казакстандык инвестиция Индияга келип жатат. Биз энергетика, мунай өнүм, ошондой эле органикалык өндүрүш өнүмү тармагына кызыктарбыз. Мындан тышкары Индия менен Казакстандын ортосундагы логистикалык жана транспорттук түзүм жаатында тыгыз иштеп жатабыз.

Саясий кызматташтык жана өнүгүү. Дипломаттын айтуусунда, Казакстандын көз карандысыздыгы жарыяланганда Индия республиканын эгемендүү мамлекеттүүлүгүн алгачкылардан болуп тааныган. Казакстанга Индиянын премьер-министри келген жана Эл Башы Индияга расмий визит менен барган. Билим берүү чөйрөсүндө кызматташтык чоң жетишкендиктерге жетти – казакстандык студенттер үчүн бакалавриат программасы боюнча да, жогорку окуу жайынан кийинки билим алуу үчүн да билим гранттары караштырылган.

Маданий кызматташтык да жогорку деңгээлде – борбордо йога кызматын көрсөткөн, бий, музыка жана хинди индия борбору ийгиликтүү иштеп жатат. Индиянын көз карандысыздык күнүн майрамдоо урматына борбордо казакстандыктар бул өлкөнүн бай маданияты менен: фестивальдары, көрүнүктүү жерлери, үйлөнүү салттары жана фаунасы менен тааныштырган фото көргөзмө өттү.

Фото: 365info.kz