Казакстан менен Индонезиянын кызматташтыгы

Казакстан менен Индонезия эки тараптуу кызматташтыкты, экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүүнү күчтөндүрүүдө. Өткөн жылы эки өлкө дипломатиялык мамилелердин орногондугунун 25 жылдыгын белгилешкен. Бул мамлекеттин өлкөдөгү Элчиси Рахмат Промононун ою боюнча бул арада кызматташуу жогорку деңгээлге чыкты. Эки тараптуу соода алмашуунун көрсөткүчү өсүп жатат, тараптар инвестициялык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүдө. Индонезиялык компаниялар Казакстанга фармацевтикалык жана тоо кен тармагына каражат салууну каалашат. 

РАХМАТ ПРАМОНО, ИНДОНЕЗИЯНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Мен белгилеп кетким келет, биздин өлкөлөрдүн ортосунда соода алмашуу жылдан жылга кеңейип жатат. 2017-жылы эки тараптын соода алмашуу көлөмү дээрлик 53 миллион долларга жетсе, 2018-жылы бул көрсөткүч 60 миллион доллардын тегерегин түздү. Ошондой эле бул жылдын акыркы үч айынын биринчи бөлүгүндө эки тараптуу соода алмашуу 143 миллионго жетти. Ошондуктан бул чоң өсүш деп айта алам.

Муну менен катар, маданий диолог да өнүгүүдө. Тактап айтканда Нур-Султанда үч жылдан бери Индонезиянын маданий борбору иштеп келе жатат. Бул жерге келгендер улуттук бийлерди жана салттуу музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнө алышат. Мындан тышкары борбордо тил курстары өткөрүлөт.  Индонезия элчилиги жана маданий борбор ар дайым эки элдин жакындашуусуна өбөлгө түзүп, ар кандай иш-чараларды уюштурат.

РАХМАТ ПРАМОНО,ИНДОНЕЗИЯНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Быйылкы жылы бизде баш оона айынын 17синде Индонезиянын көз карандасыздыгы майрамдалат. Бирок биздин расмий кабыл алуу аяк оона айынын 20сында өтөт. Өткөн жылдагыдай биз Индонезиядан маданий перформанс өткөргөнү жатабыз. Ошондой эле сөз сүйлөөдөн жана кабыл алуудан башка, бул маданий көрүнүштү башка жерлерде көрсөтүүнү мерчемдеп жатабыз. Мисалы өткөн жылы ал Хан-Шатыр менен Евразия улуттук университетинде уюштурулган. Бул жылы биз артисттерибиздин аткаруусун мүмкүн болушунча көп сандагы адамдарга көрсөтө алабыз деп ишенем.

Билим берүү чөйрөсү – эки өлкөнүн кызматташтыгынын дагы бир маанилүү багыты болуп саналат. Индонезия өлкөлөрүндө магистратурада окуй турган казакстандык студенттер үчүн ар кандай стипендиялар берилет, ошондой эле бул өлкөнүн тили жана маданиятын үйрөнө алышат.

Автор: Акзер Сегизбаева

Фото: fotolia.com