Казакстан БУУнун медиация жөнүндөгү конвенциясын колдойт

Казакстан Медиация жөнүндө БУУнун Конвенциясын колдойт. Серепчилердин маалыматында, бул документ эл аралык соода-сатык талаш-тартыштарын жана кайчы-пикирлерди жөнгө салууга жардам берет. Эске салсак, конвенциянын долбоору өткөн жылдын кулжа айындагы эл аралык соода укугу боюнча БУУнун комиссиясынын сессиясында көрсөтүлгөн. Бул компаниянын жардамы менен талаштарды чечүүдө Медиация жөнүндө макулдашууларды колдонууга мүмкүн. Медиация транс чек аралык коммерциялык талаштарды тийиштүү тынчтык жолу менен жөнгө салуунун кеңири тараган куралына айланууда, - дешет серепчилер.

МАРАТ БЕКЕТАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АДИЛЕТ МИНИСТРИ:

- Өлкөлөр бул  Конвенцияны бир нече жыл талкуулашты. Ал БУУнун Ассамблеясы тарабынан өткөн жылы кабыл алынган. Расмий кабыл алынгандан кийин документ башка мамлекеттерге кол коюу үчүн ачык болот. Конвенция соода-сатыктык, инвестициялык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Фото: ult.kz