Казактандын антитеррордук Кодексине 80 мамлекет кошулду

БУУнун мүчө мамлекеттери Казакстандын глобалдык терроризмдин коркунучтарына жана чакырыктарына каршы туруусундагы салымын белгилешүүдө. Мисалы, өлкөнүн демилгеси боюнча кабыл алынган террорчулуктан эркин дүйнө куруу бирдиктүү Кодексине 80 мамлекет кошулган. Мындай аракет менен терроризмге каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн эл аралык коалициянын аймагы кеңейүүдө. Жакында эле Кариб деңизиндеги мамлекеттер Сэнт-Винсэнта жана Гренадиндин өкүлдөрү антитеррордук кодекске кол коюшту. Серепчилердин баамында, казакстандык документ кең жана түшүнүктүү.

МОХАМЕД ИДРИС, БУУДАГЫ ЕГИПЕТТИН ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Бул БУУнун бардык мүчөлөрү үчүн өтө маанилүү маселе. Бүгүнкү күндө терроризм баарыбыздын келечегибизге коркунуч туудурат. Бул коркунуч белгисиз дүйнөнүн бир бөлүгү болуп саналат, ал эми ал улуттар аралык мүнөзгө ээ жана баарына таасир этет. Мындай глобалдуу коркунучтарга биргеликте жалпы аракет менен каршы туруу деген түшүнүк бар. Бир дагы өлкө терроризм менен жалгыз күрөшө албайт жана буга жамааттык чара көрүлүүсү зарыл. Ошондуктан БУУнун терроризмге каршы тийиштүү бөлүмү менен биргелешип, терроризмге каршы иш-аракет боюнча пикир алмашуу жана топтолгон тажрыйба алмашуу үчүн казактандык демилгелердин мааниси артат.