БУУ Казакcтандын дүйнөлүк тынчтыкты орнотууга кошкон салымын жогору баалоодо

БУУ Казакcтандын дүйнөлүк тынчтыкты орнотууга кошкон салымын жогору баалоодо

Бириккен Улуттар Уюму Казакстандын тынчтыкты сактоо боюнча  ишмердүүлүгүнө жогору баа берүүдөө. Өлкө террорчулуктан эркин дүйнөгө жетүү жөнүндө Кодексти ишке ашыруунун үстүндө жигердүү иштеп келет. Эске салсак, документ өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болуп турган кезде Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен иштелип чыккан. Кодекстин башкы максаты - кеңири эл аралык коалицияны түзүү жана 2045-жылы белгиленген Бириккен Улуттар Уюмунун терроризм коркунучтарынан алдын алып, тынчтыкты камсыз кылуу. Биримдиктин африкадагы туруктуу өкүлү Фатима Мохаммед Казакстандын терроризмге каршы күрөшүүдөгү салымын жогору баалады.

ФАТИМА МОХАММЕД, БУУНУН АФРИКА АЙМАГЫНЫН ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү бири-бири менен тыгыз байланышкан. Бул жагынан алып караганда, африкалык согушкерлер коомдун өнүгүүсүндөгү кемчиликтерге байланыштуу террористтердин катарына кошулуп жатат. Ошондуктан, туруктуу өнүгүү менен тынчтык жана коопсуздук маселелерин бириктирүү биз үчүн актуалдуу. Мындай жолугушууну уюштургандыгы үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун жана Казакстандын контртеррористтик бөлүмүнө ыраазычылык билдиребиз.

Фото: egemen.kz