Казакстан ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын ишине колдон келишинче салымын кошууда

Казакстан ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын ишине колдон келишинче салымын кошууда

Казакстан ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын ишине колдон келишинче салымын кошууда. Мындай деңгээлде кызматташуу маанилүү диалог жүргүзүүгө жана өнөктөштөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле эл аралык системаларды, анын ичинде туруктуу өнүктүрүү үчүн өркүндөтүүгө да мүмкүнчүлүк берет.

ГЕОРГИЙ ЦЕРЕТЕЛИ, ЕККУ ПАРЛАМЕНТТИК АССАМБЛЕЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Казакстан ар дайым ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын эң маанилүү мүчөлөрүнүн бири болуп келген жана ошол бойдон кала берет. Казакстандын мүмкүнчүлүгү чоң. Президенттик шайлоодон кийин өлкөдө реформаларды жылдыруу үчүн маанилүү учур болуп турат.

МАРГАРЕТА КИНЕР НЕЛЛЕН, ЕККУНУН ДЕМОКРАТИЯ, АДАМ УКУТАРЫ ЖАНА ГУМАНИТАРДЫК МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА КОМИТЕТИНИН БАШЧЫСЫ:

- Биз казак тарап менен кызматташууну конструктивдүү маанайда абдан жогору баалайбыз. Мен ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын адам укуктары боюнча комитетинин жетекчиси катары казакстандык өкүлдөрүдүн жана делегациядагылардын ишин абдан жогору баалайм. Мен алардан ачык болууга, кырдаалды талкуулоого, тажрыйба алмашууга жана эл аралык стандарттар жөнүндө маалымат алууга умтулам.

Фото: inform.kz