Глобалдык геоэкономикалык мамилелер системасында Каспий аймагынын ролу

Глобалдык геоэкономикалык мамилелер системасында Каспий аймагынын ролу жогорулап келет. Талдоочулар анын зор мүмкүнчүлүктөрүн белгилешүүдө. Буга өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгын жигердүү өнүктүрүү далил. Көз карандысыз агенттиктердин эсептөөлөрү боюнча, 2025-жылга карата Каспийдин тегерегиндеги республикалар экспорттон 4 миллиард доллар киреше ала алышат. Азыр негизги милдет - сооданын көлөмүн көбөйтүү жана Каспий деңизинде жана кургак жерде натыйжалуу транспорттук коридорго айлануусу турат.

ДЖУМАМУРАТ ГУРБАНГЕЛЬДЫЕВ, АШХАБАД ШААРЫНЫН ИНСТИТУТУНУН ПРОРЕКТОРУ:

- Түркмөнстан энергоресурстардын багыттарын диверсификациялоого ниеттенүүдө. Бир катар энергетикалык долбоорлор ишке ашырылган. Алар бардык Каспий өлкөлөрү үчүн натыйжалуу болуп саналат. "Казакстан-Түркмөнстан-Иран" темир жол линиясы Түндүк-Түштүк транспорттук коридорунун негизги тармагы. 2014-жылдын аягында ишке берилген каттам азыр бир нече өлкөлөргө киреше алып келүүдө.

Бүгүнкү күндө Каспий жээктеринде жайгашкан ар бир мамлекет өз портторунун кубаттуулугун жогорулатууда. Өткөн жылы Казакстанда Актау портуна 3,5 миллион тоннадан ашык жүк ташылып келген. Азырынча бул порт жылына 40 миң контейнер жөнөтө алат. Ал эми төрт жыл өткөндөн кийин бул көрсөткүч 300 миңге чейин жеткирилет. Мындан тышкары, Актау портуна жакын паром менен товар жөнөтүү менен алектенген Курык порту иштеп жатат. Каспий аймагындагы мамлекеттер ири инвесторлорду тартуу жолу менен экономикалык кырдаалга жаңы импульс берип, инфраструктураны модернизациялоону пландаштырып жатат. Түркмөнстанда биринчи экономикалык форумда ушул жана башка маселелер талкууланат.

СЕРДАР ДУРДЫЕВ, ТҮРКМӨНСТАНДЫН ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДАГЫ ЭЛЧИСИНИН КЕҢЕШЧИСИ:

- Бул форум Каспий аймагынын жана ага жакын жайгашкан мамлекеттердин кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн туруктуу аянтча болуп калмакчы. Албетте, Түркмөнстан үчүн да, башка коңшу мамлекеттер үчүн да пайдалуу болот. Энергетикада, транспорт жана коммуникация чөйрөсүндө да сооданы, инвестицияларды тартат. Башкача айтканда, адамдар келип, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдөгү кесиптештери менен мамиле кылышат.

Ошентип, баш оона айынын 12де Каспий деңизинин укуктук макамы жөнүндө Конвенцияга кол коюлгандан туура бир жыл өтүп беш өлкө сүйлөшүүгө келет. Анда кызматташуунун мындан аркы мейкиндиктери белгиленет.

Фото: orient.tm