Казакстандын "Жусан" операциясы БУУда жогору бааланууда

Казакстандын

Бириккен Улуттар Уюму Казакстандын тынчтыкты сактоо ишмердүүлүгүнө жогору баа берет жана анын ичинде "Жусан" операциясынын ийгиликтүү өтүшүн белгилөөдө. БУУнун алдындагы 50 мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын 100дөй өкүлү көчмө жыйында улуттук, аймактык жана глобалдык деңгээлде терроризмге каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн биргелешкен аракеттерди координациялоо механизмдерин талкуулашты. Жолугуушунун катышуучулары Сириядан кайтып келген казакстандык аялдардын видео кайрылуусун көрүштү. Алардын арасында 25 жаштагы Аида Сарина бар. Ал Казакстан өкмөтүнө мекенинде кайрадан жашоого мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн чын дилинен ыраазычылык айтып, терроризмге каршы күрөшүүгө даяр экенин билдирди. БУУга мүчө мамлекеттердин отурумунда катышуучулардын арасында “Жусан” операциясы тууралуу даректүү тасма да кызыгуу жаратты.

ИНГА РОНДА КИНГ, БУУ ЭКОСОС ТӨРАГАСЫ:

- Жолугушуу абдан ийгиликтүү болду жана БУУ-2030 күн тартибине жетишүү үчүн тынчтык жана өнүгүү маселелерин кароого комплекстүү жана ар тараптуу мамиле зарыл экендигин түшүнүү менен карайбыз. Казакстанды ушундай маанилүү демилгелери менен куттуктайм жана биз ал талкуулоону улантабыз деп ишенем. Анткени акыркы 24 сааттын ичинде казакстандык демилгелерди мындан ары илгерилетүү боюнча так сунуштар келип түшкөн. Сиздер мындай иштерди жигердүү алып бара жатканыңыздарды, өзүңөрдүн тажрыйбаңарды жайылтышыңар керек. Ошону менен бирге региондук кызматташууга жана өнөктөштүккө ар тараптуу мамиле кылыңыздар.

Фото: informburo.kz