Казакстандын Тышкы иштер министри менен АКШнын мамлекеттик катчысы жолугушту

Казакстандын Тышкы иштер министри менен АКШнын мамлекеттик катчысы жолугушту

Мамлекеттик катчы Майкл Помпео Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов менен жолугушту. АКШнын мамлекеттик катчысы АКШ менен Казакстан ортосундагы стратегиялык кызматташтыкта чечкиндүү кадамдарын колдой турганын билдирди жана жаңы президент Касым – Жомарт Токаевдин эки тараптуу карым-катнаштарды мындан ары да бекемдөөгө үмүт кыларын белгиледи. Майкл Помпео Казакстандагы саясий катышууну кеңейтүү жөнүндө Президент Токаевдин акыркы билдирүүсүн кабыл алды. Катчы Казакстандын Сириядан келген жарандарын репатриациялоодо жана реинтеграциялоодо ийгилигине жогору баа берип, башка мамлекеттер менен тажырыйба алмашууга чакырды. Мындан тышкары Майкл Помпео Ооганстандагы тынчтыкты Казакстан колдой турганына  жогору баасын берди.

Фото: inform.kz