Казакстандын Биринчи Президенти түрк дүйнөсүндөгү эң таасирдүү инсан

Казакстандын Биринчи Президенти түрк дүйнөсүндөгү эң таасирдүү инсан

Казакстандын Биринчи Президенти Түрк дүйнөсүндөгү эң таасирдүү инсан. Мамлекет башчысынын жаңы демилгелери түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын арттырууга жана жаңы деңгээлге көтөрүүгө мүмкүндүк берди. Мындай пикирди Түркиянын башкы саясатчылары жана коомдук ишмерлери билдирди. Түрк дүйнөсүндө аны 21-кылымдын Билге Каганы деп аташат. Ал эми акылмандуулугун Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрккө салыштырып келишет.

ЯЛЧЫН ТОПЧУ, ТҮРКИЯ ПРЕЗИДЕНТИНИН БАШКЫ КЕҢЕШЧИСИ:

- Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев түрк дүйнөсүнүн гана эмес, бүткүл дүйнөнүн лидери. Орусиянын президенти Путин аны "Ар дайым келечекке умтулган адам" катары сүрөттөйт.

Түркия - Казакстан Республикасынын көз карандысыздыгын тааныган биринчи өлкө. Эки тараптын ортосунда кол коюлган көп сандаган мамлекеттер аралык макулдашуулардын жана документтердин натыйжасында ар кандай чөйрөлөрдө мамилелердин жана кызматташуунун негиздери түптөлгөн. Казакстан Республикасы Евразия Географиясында Түркиянын маанилүү саясий жана экономикалык борборлорунун бири болду.

НАМЫК КЕМАЛ ЗЕЙБЕК, ТҮРКИЯНЫН МУРДАГЫ МАДАНИЯТ ЖАНА ТУРИЗМ МИНИСТРИ:

- Мен Казакстанга биринчи жолу барганда Нурсултан Назарбаевди – уникалдуу инсан катары бааладым. Бүгүнкү күндө эки өлкө бардык тармактарда кызматташуунун жогорку деңгээлине жетишкен стратегиялык өнөктөш жана өлкө болуп калды. Ошондой эле, Назарбаев жалпы түрк элинин лидери болду.

Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда бир катар эл аралык уюм иш алып барат. Ар биринин өз тармагы жана жоопкерчилиги бар. Алардын төртөө түздөн-түз Эл башынын  демилгеси боюнча түзүлгөн. 1992-жылдан тартып азыркы учурга чейин Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын 15 саммити уюштурулган.  Нурсултан Назарбаев бардыгына катышты.

ХАЛИЛ АКЫНЖЫ, ТҮРКИЯ КЕҢЕШИНИН МУРДАГЫ БАШ КАТЧЫСЫ, ПРОФЕССОР.

- Назарбаев – Түрк тилдүү мамлекет башчыларынын биринчи саммитинен баштап катышкан. Эл башы - 1990-жылдардын башынан тартып түрк дүйнөсүн жакындаштырууга, түрк элин бириктирген уюмдарды түзүүгө көмөк көрсөткөн. Ошондуктан Казакстандын биринчи Президентине Түрк кеңешинин Ардактуу өмүр бою урматтуу төрагасы деген макам ыйгарылды.

Биринчи президент Нурсултан Назарбаев – түбү бир түрк тилдүү мамлекеттеринин эгемендигин кубаттап жатып, интеграциялык карым-катнашты күчөтүүгө бардык күч кубатын жумшаган улуу ишмер. Эл башы Казакстан элинин биримдиги менен катар, түрк тилдүү элдердин маданий, экономикалык кызматташуусун күчөтүүдө чоң эмгек жасады. 

Фото: kznews.kz