Евразия интеграциясынын демилгечиси – Эл Башы

Евразия интеграциясынын демилгечиси – Эл Башы

Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев Евразиялык интеграциянын негиздөөчүсү. Бул жылы экономикалык бирикме тууралуу идея жарыяланганына 25 жыл толот. 1994-жылы Москва мамлекеттик университетинде Нурсултан Назарбаев биринчи жолу «Евразиялык өлкөлөр биримдигин түзүү жөнүндө долбоор» боюнча айткан. 20 жылдан кийин, 2014-жылы Казакстан, Орусия жана Беларустун башчылары ЕАЭБ тууралуу биргелешкен келишимге кол койду.

РУСЛАН АУШЕВ, ИНГУШЕТИЯНЫН БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИ:

- Назарбаевдин тажрыйбасын элестетип жатасызбы? Анын көрөгөчтүгүн моюнга алыш керек. Ал иштиктүү саясатын иш жүзүнө ашыра билди, ар дайым баарынан кабардар. Биринчисинде Евразиялык биримдик куруу тууралуу пикири айтылганда көпчүлүк «бул кимге керек» деп сын таккан. Кийин мунун стратегиялык кадам экенине баарынын көзү жетти.

Жаңы бирикменин натыйжалуулугу алгачкы 5 жылда эле байкалды. Анткени Евразиялык экономикалык биримдик 180 млн керектөөчүсү бар товарлар менен капитал жана кызмат көрсөтүү рыногуна айланууга жетишти. Мында да Казакстан чоң жигердүүлүгүн көрсөттү.

ЯРОСЛАВ ЛИСОВОЛИК, ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ӨКМӨТ АЛДЫНДАГЫ  СЕРЕПЧИЛИК КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ:

- Казакстан соңку бир нече он жылдыкта посткеңештик мейкиндиктеги үлгүлүү экономикалардын катарына кошулду. Бул өлкө тандаган өнүгүү багытынын натыйжасы жана да башкалар ушул багыттын андан ары уланышын күтөт. Бул алдыдагы жылдары да токтобойт деген ойдомун.

Ушул жылдын бугу айында ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрүнүн башчылары Нурсултан Назарбаевди Жогорку Евразиялык кеңештин Ардактуу төрагасы кылып тандашты. Серепчилердин сөзү боюнча, Казакстандын Биринчи президенти евразиялык интеграциясынын камертону бойдон кала берет.

СЕРГЕЙ РЕКЕДА, ИНТЕГРАЦИЯЛОО КЕЛЕЧЕГИН ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- ЕАЭБди өнүктүрүүнүн багытын башкаруу керек экендиги түшүнүктүү. Ушул жаатта Нурсултан Назарбаевге тең келер талапкер жок. Эсиңиздерде болсо, ал биримдиктин башка экономикалык биримдиктерге оолак болуусун каалаган эмес. Тескерисинче, дүйнөлүк экономиканын бир кышы болуп калышын тиледи. Менимче, Нурсултан Назарбаевдин ушул багыттагы кызматы андан ары улана берет.  

ЕАЭБ - стратегиялык ой жүгүртүүнүн мыкты үлгүсү. Серепчилердин пикиринде, дүйнөдө болуп жаткан соода талаш шарттарында биримдиктин стратегиясын аныктоо, анын өнүгүү багытын бекемдөө сыяктуу милдеттер жетиштүү. Ошондуктан көпчүлүк Назарбаевдин миссиясы аякташын каалабайт, дешет адистер.

Фото: egemen.kz