Казакстандын тарыхы Биринчи Президенттин ысымы менен байланыштуу

Эгемендүү Казакстандын мамлекеттик түзүлүшү жана ийгиликтүү өнүгүү тарыхы ар дайым биринчи президент - Нурсултан Назарбаевдин атына байланышкан. Европа парламентчилери жана кадыр-барктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү ушундай деп эсептешет. Алардын айтуусунда, Эл башы акылман, көрөгөч, талдамалык ой жүгүртүүгө жана терең көз карашка ээ анык саясатчы.

АНДРЕЙ МАМЫКИН, ЕВРОДЕПУТАТ:

- Бул адам эл аралык аренада силердин өлкөңөрдүн желегин бийик көтөрүп, өлкө эл аралык аренада аз убакыттын ичинде күчтүү оюнчу болуп калды. БУУнун деңгээлинде Борбордук Азия аймагындагы абсолюттук лидерге айланды.

ДАВИД ЧИКВАИДЗЕ, БУУНУН ЖЕНЕВАДАГЫ БӨЛҮМҮНҮН БАШКЫ МҮДҮРҮ КАТЧЫЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Бул адам бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер менен бир аянтта түз аракет кылган ири аймактык держава болуу үчүн бардыгын жасады жана региондогу мамлекеттерде гана эмес, дүйнөлүк саясий туруктуулукка салымын кошту.  

БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн башкы мүдүрү катчылыгынын башчысы Давид Чикваидзе, 30 жыл бою тажрыйбалуу жана көпчүлүк урматтаган саясатчы башында турган - Казакстандын туруктуу жана күчтүү мамлекет катары ролу абдан маанилүү экенин белгилейт. Бул өлкө Сириядагы кагылышты токтотуу үчүн Астана сүйлөшүүсүн сунуштоого мүмкүндүк берди. Женева сүйлөшүүлөрүнө кошумча дагы Астананы дүйнөлүк бейтарап элчилер шаарына алып чыкты. 

ДАВИД ЧИКВАИДЗЕ, БУУНУН ЖЕНЕВАДАГЫ БӨЛҮМҮНҮН БАШКЫ МҮДҮРҮ КАТЧЫЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Мен БУУнун сириялык сүйлөшүү жөнүндөгү атайын департаментинин башкармасындагы өз кесиптештерим менен көп учурда бирге болом жана алар Астана платформасын өтө жогору баалай турганын, деэскалация маселелеринде аракет бар экенин моюнга алышат.  Казакстан, Нур-Султан, Алматы келечекте дүйнөлүк диндер менен ядролук куралсыздандыруу маселелеринде бейтарап ролду ойной алат жана ойнойт. Бул мамлекеттик бийликтин бир философиялык багытынын мамлекеттик  позициянын түрдүү жактары.

Ачык жана Эгемен Казакстан алыс жана жакын чет элдердин бардык шериктештери менен ынак жана достук карым катнаш жасай алды деп эсептейт БУУнун өкүлү.

ДАВИД ЧИКВАИДЗЕ, БУУНУН ЖЕНЕВАДАГЫ БӨЛҮМҮНҮН БАШКЫ МҮДҮРҮ КАТЧЫЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Бул мамлекет башчысынын акылдуу, алысты көрө билген жана тең салмакты кармай билгендигинин белгиси. Ошондой эле, ал кадрдык саясатты да аткарды. Билесиздерби, америкалыктар "American success story" деп айткандай: Мен муну Казакстандын ийгилигинин тарыхы деп айтмакмын.

Эл аралык адистер, саясатчылар жана дипломаттар Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев планетардык масштабдагы тарыхый инсан экендигин ишеним менен белгилешет. Ал алдын ала көрө билген, өзгөчө белгиси бар мамлекет башчыларынын бири, көп жылдардан бери алдыга карай, өлкө өзүнүн өсүп-өнүгүшүндө эмнеге умтулушу керек экендигин көрө билген.

Фото: sputniknews.kz