Келечекте Каспийди өнүктүрүү кызматташтыгы

Каспийди бойлой жайгашкан 5 мамлекет үчүн деңиз стратегиялык мааниге ээ. Анын бардык күчү ресурстары менен транспорт мүмкүнчүлүктөрүндө. Каспий деңизинин макамын жөнгө салууда жээктеги беш республика үчүн көптөн күткөн окуя болуп калды. Өткөн жылы Актауда Каспий аймактык өлкөлөрүнүн бешинчи саммитинде Казакстан, Азербайжан, Иран, Орусия менен Түркмөнстандын президенттери Каспий деңизинин укуктук макамы тууралуу Конвенцияга кол коюшкан. Тараптар акваторияны ар түрдүү режим менен чектетүү боюнча консенсуска, ошондой эле башка деңиздерге жана дүйнөлүк океанга Транзиттин эркин жүрүүсү боюнча  келишимге келишкен.

ХАМИД БЭЙДИНЕЖАД, ИРАНДЫН УЛУУ БРИТАНИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Биз Актау саммитинин ийгиликтүү өтүшүнүн аркасында чоң ишенимге ээ болдук. Азыр бардык техникалык маселелерди чечүүнүн үстүндө турабыз.

Каспий деңизинин укуктук макамы жөнүндө Конвенциянын алкагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулоо үчүн жакында эле Лондондо Казакстандын жана Ирандын дипломаттары жолугушту. Ал Британ-Казак коомчулугунун уюштуруусу менен өттү. Тараптар соода-экономикалык, унаа-транзиттик жана маданий-туристтик тармактардагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Каспий деңизинин уникалдуу экосистемасын сактоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

ДЖЕФФРИ ТЭМПЛ, БРИТАН-КАЗАК КООМДУК КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ:

- Мен көлдүн жандуу табиятынын тарыхы, балык индустриясына туш болгон кыйынчылыктар, ошондой эле өлкөлөрдүн аларды чечүү үчүн колдонгон прогрессивдүү усулдары жөнүндө билдим.

Жолугушууда Европа менен Азиянын ортосундагы трансконтиненталдык ташууларды өнүктүрүү боюнча Казакстандын жигердүү иши белгиленди. Мындан сырткары, Курык жана Актау портторунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Фото: vestikavkaza.ru