Казакстандын ядролук куралга каршы демилгелери дүйнө жүзүнө белгилүү

Казакстандын ядролук куралга каршы демилгелери дүйнө жүзүнө белгилүү

Казакстандын ядролук куралга каршы демилгелери дүйнө жүзүнө белгилүү. Абройлуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дүйнөлүк саясатчылар жана жетектөөчү адистер республиканын ядролук куралсыздануу режимин жана ядролук куралды жайылтпоо режимин колдоого кошкон салымын жогору баалашат. Казакстан Семей ядролук полигонун жаап, Борбордук Азияда ядролук куралдан эркин аймак курду.

КАДЗУЯ ЯСУДА, «ДАЙГО ФУКУРЮ-МАРУ» ТЫНЧТЫК ФОНДУНУН КАТЧЫЛЫГЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Биздин фонддун негизги максаты адамзат үчүн атомдук курал кооптуулугун түшүндүрүү. Ошондуктан, Семей полигону тууралуу айтуу биздин милдетибиз деп эсептейбиз. Казакстандык кесиптештер менен биргеликте келечекте да иштейбиз, себеби, Казакстан ядролук куралсыздандыруу жана дүйнөлүк аренада ядролук куралды жайылтпоо боюнча демилгелери менен жигердүү катышып келет. Биз өзөктүк куралдын кесепеттерин унутпоого тийишпиз. Ал эми мындай каталар кайталанбас үчүн, тарыхтан сабак алуу маанилүү.

Казакстан атомду тынчтык максатта гана пайдаланууга чакырат. Мамлекет урандын дүйнөдөгү эң ири коруна ээ болуп туруп, атом технологиялары жарандардын турмуш-тиричилигин жакшыртуу максатында гана колдонулуусу тийиш деген принципте.  Буга байланыштуу Европа ядролук сыноолор борбору менен кызматташуу жөнгө салынган. Ата мекендик окумуштуулар аталган уюмдан тажрыйбадан өтүп иштей алышат. Алар дүйнөдөгү эң өнүккөн жана технологиялык жагынан болушунча жабдылган лабораторияларды пайдаланат. Ошондой эле, эл аралык ядролук сыноо уюмунун илимий базасы медициналык жумуштар үчүн да пайдалуу болот. Ошондуктан ата мекендик адистердин жогорку технологиялык долбоорлорду иштеп чыгып, онкологиялык ооруларды дарылоочу заманбап ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

КАНАТ БОЗЫМБАЕВ, РКнын ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРИ:

- Борбордун бардык лабораториялары менен жабдууларын ар кандай багыттар боюнча колдонууга көп мүмкүнчүлүктөр бар. Эч кандай мүчөлүк төлөмдөр төлөнбөйт. Биздин окумуштуулар аны бир нече жылдан бери бышыктап келишет. Иштердин жыйынтыктарына жараша терең талдоонун негизинде тиешелүү чечимдер кабыл алынат.

Фото: cisp-astana.kz