Казакстан менен ЮНКТАД кызматташтыгын бекемдөөдө

Казакстан менен ЮНКТАД кызматташтыгын бекемдөөдө

Казакстан Чыгыш менен Батыштын ортосундагы соода коридорун өнүктүрүүгө жигердүү катышууда. Мындай пикирин БУУнун соода жана өнүктүрүү конференциясынын Башкы катчысы Мукиса Китуйи билдирди. Анын айтымында, Казакстан постсоветтик мамлекеттердин арасында регионалдык экономикалык интеграцияны өнүктүрүү боюнча аракеттерин жүргүзүп жатат. Серепчилер инвестиция тартууда республиканын артыкчылыгын белгилешет. Чет өлкөлүк бизнесмендер Казакстан менен бардык багыттар боюнча бизнес - кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр.

МУКИСА КИТУЙИ, БУУнун СООДА ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯСЫНЫН БАШКЫ КАТЧЫСЫ:

- Казакстан советтик система өлкөлөрүнүн арасында регионалдык экономикалык интеграция боюнча лидер аталып, атаандаштык жаатындагы мыйзамга жана бул жааттагы мамлекеттик мекемелерди күчөтүүгө өзгөчө маани берген. Бул бизнес жүргүзүү үчүн атаандаштык чөйрөнү түзүү үчүн абдан маанилүү кадам болуп саналат. Мунун бардыгы өлкө жетекчилигинин көрөгөчтүгүнүн далили. Экинчиден - бул жумуш "АСТАНА-1" долбоорунун алкагында электрондук каттоо платформасы коңшулаш өлкөлөр тараптан - Түркмөнстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Беларустун кызыкчылыгын туудурбастан, Казакстандын ийгилигин кайталоого кызыктар. А түгүл Казакстандын бажы башкаруусу жана автоматташтыруу боюнча регионалдык борборду түзүү мүмкүндүгүн да карап чыгууга даяр. Бул ийгиликтүү өнөктөштүктүн маанилүү чөйрөсү. Ошондой эле, биздин диалог деңизге чыгуучу жолдору жок өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүгүн ачуу жөнүндө болгондугун белгилеп кетүү зарыл. Сиздердин өлкөдө транзиттик ташуулар жана Борбордук Европа менен Батыш Азиядагы аймактык Интеграция үчүн инфраструктураны өнүктүрүү маселелери боюнча мындай отурумдар өткөрүлүүдө.