Токаев ШКУнун экономикалык мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга чакырды

Токаев ШКУнун экономикалык мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга чакырды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекте өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмунун кеңейтилген жыйынында уюмдун экономикалык мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга чакырды. Мамлекет башчысы белгилегендей, Евразиялык каржылык кеңеши бул форматта сегиз тараптык механизмдин түзүлүшүнө өбөлгө болуп берет.

Президент ШКУга мүчө өлкөлөрдүн экономикасынын өнүгүүсүнө "Астана" эл аралык каржы борбору таасирин тийгизерине ишенерин билдирди. 19-жыйындын алкагында ШКУ катчылыгы менен АЭКБнын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Анда Мамлекет башчысы аймакта жаңычылдыкты өнүктүрүү, коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине да токтолду. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев катышуучулардын көңүлүн климаттын өзгөрүү маселесине бурду.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

- Бүгүнкү күндө кабыл алынган чечимдер жана кол коюлган документтер биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун тереңдешине шарт түзөт. ШКУ - менин ишенимимде эң натыйжалуу, кадыр-барктуу эл аралык бирикме болуп саналат. Жаш уюм экенине карабай, ал өзүнүн өнүгүү жолунда олуттуу жетишкендиктерге жетти жана бүткүл эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура алды. Биз ШКУ аброюн колдоого жана бекемдөөгө тийишпиз. Мисалы, 2018-2022 жылдарга арналган узак мезгилдүү достук менен кызматташтык келишимин толук кандуу жүзөгө ашыруу өтө маанилүү.