Дипломатиялык тажрыйбасы бар президент мамлекеттин өнүгүшүн тездетет

Касым-Жомарт Токаевдин дипломатиялык мол тажрыйбасы бар. Ал Мамлекет башчы кызматында өз пайдасын алып келет. Европа Парламентинин Депутаты ТьеррИ МариАни ушундай пикирде. Анын айтымында, Казакстандын шайланган Президентин дүйнө саясатчылары жакшы тааныйт жана урматтайт.

ТЬЕРРИ МАРИАНИ, ЕВРОПА ПАРЛАМЕНТИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Дипломатиялык иш тажрыйбасы бар президент кайсы тармакты болбосун алып кетерине күмөнүм жок. Сенатты башкарган кезде Токаев мырза менен бир нече жолу жолуккам, ошондой эле, ал Парижге да келген. Эл аралык деңгээлде ал кишинин кадыр-баркы жогору. Казак эли туура тандоо жасады деп ойлойм.

Улуу Британиянын мурунку ТИМи Джек Стро Касым-Жомарт Токаевдин дипломатиялык жөндөмүн өзгөчө белгилейт. 2000-жылдары Стро бир нече маанилүү саясий маселелер боюнча Токаев менен иштешкен. Өлкө көз карандысыздык алгандан кийин жеткен ийгиликтери менен дүйнөнү таң калтырганы Джек Стронун дале эсинде.

ДЖЕК СТРО, УЛУУ БРИТАНИЯНЫН МУРУНКУ ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ / 2001-2006:

- Мен президент Токаевди жакшы билем. Анын тышкы иштер министри болуп турганда эл аралык мамилелерде дипломат катары жеткен ийгиликтеринен кабардармын. Дипломатия ар бир мамлекет үчүн, айрыкча Казакстан үчүн маанилүү. Бириккен Королдук да бүгүнкү күндө өлкөңөр менен тыгыз карым-катнаш орноткон. Казакстан каржы борбору катары жакшы өнүгүп келе жатат. Биз бул жараяндын уланышын чыдамсыздык менен күтөбүз.

Кыргыз серепчилери болсо, элдин тандоосу менен жеңишке ээ болгон Касым-Жомарт Токаев тажрыйбалуу башкаруучу катары Биринчи Президенттин Казакстанды дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуу саясатын улантат деген пикирде. Убагында өкмөт, парламент жана тышкы иштер министрлигин башкарган Касым-Жомарт Токаевдин мол тажрыйбасы бар. Ошондуктан кыргыз серепчилери, жаңы президенттин аркасында өлкө жигердүү түрдө өнүгөрүнө ишенишет.

ТОКТОГУЛ КАКЧЕКЕЕВ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО МИНИСТРЛИГИНИН АЛДЫНДАГЫ КООМДУК КӨЗӨМӨЛДӨӨ КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Касым-Жомарт Токаев ой-өрүшү кенен, Батыш, Чыгыш,  Түндүк менен Түштүктүн саясий технологияларын өздөштүргөн инсан. Ошондой эле, ал саясий башкаруу жана эл аралык мамилелер тармактарында уникалдуу адис. Бүгүнкү күндө мамлекетти  башкаруу үчүн милдеттүү түрдө ушундай билим керек.

Фото: akorda.kz