Эл аралык серепчилер: Шайлоо дүйнөлүк стандарттарга шайкеш өттү

Казакстандын кезексиз Президенттик шайлоосу дүйнөлүк стандарттарга шайкеш өттү. Саясий жараян демократиялык өнүгүүнү дагы бир жолу далилдеди. Бул эл аралык серепчилердин пикири. АКШ өкүлү Джон Гарднердин айтымында, тандоосун жасоого агылган жаштардын жигердүүлүгү таң калтырды. Ошондой эле, чет өлкөлүк байкоочу мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын добуш берүүсүнө түзүлгөн шарттарды өзгөчө белгилеп өттү.

ДЖОН ГАРДНЕР, ЭЛ АРАЛЫК БАЙКООЧУ / АКШ:

- Казакстанда АКШдагыдай мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын добуш берүүсүнө бардык шарттар түзүлгөн. Добушканалардын бири мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга өз тандоосун жасоосу үчүн атайын куту жибергенин көрдүм. Шайлоонун ачык жана адилеттүү өтүүсүн көзөмөлдөө үчүн ар кайсы партиялардын өкүлдөрү бирге жүрдү. Менимче, Казакстандагы шайлоо жараяны бардык талаптарга жооп берет. Бул өлкөнүн демократиялык өнүгүшүнүн ачык көрүнүшү.

Эл аралык байкоочулардын пикиринде, жалпы элдин жигердүүлүгү абдан жогору болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, добуш берүүчүлөрдүн 77,4 пайызы өз тандоосун жасады.

ВАЛЕРИЙ-АНДРЕЙ СТЕРИУ, ЭЛ АРАЛЫК БАЙКООЧУ / РУМЫНИЯ:

- Менин байкоом боюнча, демократиялык шайлоонун бардык талаптары эске алынды. Баары ачык түрдө өттү. Мен жашаган өлкө менен салыштырганда шайлоочулардын жигердүүлүгү абдан жогору. Бизде элдин жарымы гана добушун берет.

РЕЗА ТАБРИЗИ, ЭЛ АРАЛЫК БАЙКООЧУ / УЛУУ БРИТАНИЯ:

- Казакстандагы шайлоо бардык талаптар менен стандарттарга ылайык өттү деп айта алам. Добушканаларда элдин арызданганын көргөн жокмун. Бул демократиялык өнүгүү жолун тандаган Казакстан үчүн тарыхый кезең.

Белгилей кетсек, Казакстандагы шайлоонун жүрүшүн миңден ашуун эл аралык байкоочу көзөмөлдөдү.

Фото: bnews.kz

Фото: bnews.kz